Summary
Фазлуррахмандын Куранды Тафсирлөө Усулу
Бүтүрүү квалификациалык ишти аткарууда «Фазлуррахмандын Курани Каримди тафсирлөө усулу» корголду. Дипломдук ишим үч бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө куранды тафсирлөөдө замандын шартына басым жасаган, куранды жалпы контексттин негизинде тафсирлөөнү сунуштаган Пакистандык аалым Фазлуррахмандын өмүр-баяны жана чыгармалары жөнүндө маалымат берилет. Экинчи бөлүмдө тафсир илиминин пайда болуусунан тартып, күнүбүзгө чейинки тарыхый тажрыйбасына анализ жасалат. Классикалык таафсир усулу менен күнүбүздөгү тафсир усулун кыскача салыштыргандан кийин, Фазлуррахмандын куранды тафсирлөө усулун талдоого аракет кылынды. Үчүнчү бөлүмдө Фазлуррахмандын куранды тафсирлөө усулуна карата айтылган сын-пикирлерге жана көз-караштарга орун берилди. Бул макала менен дипломдук иштин жалпы мазмунун кыскача таанытууну максат кылдык.
Keywords