Фарабинин философиясында Кудайдын бар экендигине байланыштуу онтологиялык далил
(Ontological argument for the existence of God in Farabi's philosophy
)
Yazar
|
:
Abdiraşit Babataev
Yusuf Gökalp
|
|
Türü |
:
|
Baskı Yılı |
:
2021
|
Sayı |
:
31
|
Sayfa |
:
100-112
|
180 185
|
Özet
Адамзат ойлом тарыхында Кудайдын бар экендиги жөнүндөгү далилдер жана ал далилдерге карата айтылган сын-пикирлер көптөгөн философ жана теологдордун бүйүрүн кызыткан эӊ маанилүү маселелердин бири болгондугу белгилүү. Чындыгында, Кудайдын бар экендиги жалгыз гана диний ишенимдин эмес, ошол эле учурда философиянын дагы негизги проблемаларынын бири. Бул темага байланыштуу айтылган көз-караштар байыркы доордон баштап азыркы күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет. Теолог жана философтор тарабынан Кудайдын бар экендигине байланыштуу сунушталган космологиялык, онтологиялык, диний тажрыйба, ахлак, телеологиялык ж.б.у.с. далилдер жалгыз гана интеллектуалдык чөйрө менен четелбестен, коомдун калыӊ катмарынын дагы кызыгуусун жаратып келет. Башка далилдерден айырмаланган онтологиялык далил Кудайдын зарыл болум экендигин “Кудай” түшүнүгүн туура талдоо аркылуу көрсөтүүнү максат кылат. Онтологиялык далил ар кандай эмпирикалык теорияларга таянбаган, эӊ жогорку болум түшүнүгүн рационалдуу жол аркылуу табууга аракет кылган далил болуп саналат. Биз бул макалада онтологиялык далилди атактуу философ аль-Фарабинин чыгармаларынын негизинде талдоого алабыз.
Anahtar Kelimeler
Философия, Фараби, Кудай, онтологиялык далил
Abstract
It is well known that in the history of human thought, the evidence for the existence of God and the criticism of it have been one of the most important issues for many philosophers and theologians. In fact, the existence of God is one of the main problems not only of religious faith, but also of philosophy. Opinions on this subject have been relevant since ancient times. The cosmological, ontological, religious practices, morals, teleological, etc., proposed by theologians and philosophers in connection with the existence of God. The evidence is of interest not only to the intellectual community, but also to the general public. Unlike other evidence, ontological evidence aims to show that God is a necessary being through a proper analysis of the concept of "God." Ontological evidence does not rely on various empirical theories, but seeks to find the concept of the highest order in a rational way. In this article, we analyze the ontological evidence based on the works of the famous philosopher al-Farabi.
Keywords
Philosophy, Farabi, God, ontological argument